Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛЫНЫН СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТИЛЕРИ МЕНЕН БИРГЕ ТАЗАЛЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
Жарыяланган датасы:
09.07.2025, 14:46
Бүгүн Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров ишин Чолпонбай айылынан баштады.
Иштин жүрүшүндө район жетекчиси Чолпонбай айылындагы курулуп жаткан 140 орундуу бала бакчанын курулушу жана социалдык тармактар аркылуу жарандар кайрылып жаткан Б.Мырзабаев менен С.Садыкова атындагы орто мектептерин жеринен барып көрүп келди.
Ошондой эле Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы Кенжекул Жамакеевге Тараз-Талас-Суусамыр эл аралык маанидеги жолун байма-бай иретке келтирип, айылдын тазалыгына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.