Көрүүсү начарлар үчүн версия

Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

АЙТМАТОВ РАЙОНУНУН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ МЕНЕН ШТАБДЫК МАШЫГУУСУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Жарыяланган датасы:

17.04.2025, 12:35

Бүгүн Айтматов районунда райондук мамлекеттик администрациясынын  2025-жылдын 16-апрелиндеги №89 сандуу буйругунун негизинде жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен штабдык машыгуу өткөрүлдү.  

Штабдык машыгуунун алкагында Аманбаев жана Шекер айыл аймагындагы сел кооптуу участкалары аныкталып, айыл өкмөттөрдүн техникаларын тартуу менен механикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Штабдык машыгуунун жыйынтыгы менен Шекер айыл аймагынын Көк-Сай айылынан 900 м, Арчагул айылынан 200 м жана Аманбаев айылынан 700 м арыктар турак үйлөрдү селден жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында тазалоо иштери жасалды.

  Кароолор (40)