Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
АЙТМАТОВ РАЙОНУНУН АКИМИНИН КИЧИ ФУТБОЛ БОЮНЧА КУБОГУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Жарыяланган датасы:
25.02.2025, 16:40
Бүгүн Кызыл-Адыр айылындагы "Асыл" спорт комплексинде Айтматов районунун акиминин кичи футбол боюнча кубогу жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.
Аталган спорттук иш-чарага Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бектур Сагымбаев баштаган райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, демөөрчүлөр жана спорт сүйүүчүлөр катышышты
Кичи футбол боюнча акимдин кубогу 2024-жылдын ноябрь айынан бери уланып, эки категорияга бөлүнүп өткөрүлүп, 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан жогоркулар категориясынан жалпы Талас облусу боюнча 31 команда катышты.
Аталган иш-чарага Айтматов райондук ишкерлер кеңешинин төрагасы Чотонов Медер демөөрчүлүк кылып, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлүшүнө өз салымын кошуп, үч аргымак байгеге коюп, жеңүүчү командаларга тапшырылды.