Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА ЖАЗГЫ ТАЛАА ЖУМУШТАРЫНА ДАЯРДЫКТАРЫ КӨРҮҮ МАКСАТЫНДА БТК ЖАНА ТӨМӨН-ТАМАГА ЧАРБА АРАЛЫК КАНАЛДАРЫ ТАЗАЛАНДЫ
Жарыяланган датасы:
17.04.2025, 15:46
Айтматов районундагы дыйкандардын сугат жерлерин сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана каналдардагы суунун коромжулугун азайтуу максатында БТК, Төмөн-Тамга каналдарында реконструкциялоо жана тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Чарба аралык БТК каналын 2025-жылга карата мамлекеттик каражаттар эсебинен капиталдык оңдоо беренеси менен 30 метр аралыгын бетондоо жумуштары каралган болсо үстүбүздөгү жылдын 15-апрелине карата 30 м аралыгы толугу менен бетондолуп, бүгүнкү күнгө карата 0,5 км аралыгына механикалык тазалоо жумуштары планга коюлуп, 2 даана ГТК толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүдү.
Ал эми чарба аралык Төмөн-Тамга каналына 2025-жылга карата мамлекеттик каражат эсебинен капиталдык оңдоо беренеси боюнча 500 метр аралыкты бетондоо жумуштары каралган болсо бүгүнкү күнгө карата 200 м аралык бетондолду.
Мындан сырткары 2025-жылга Төмөн-Тамга каналынын 1,5 км аралыгына механикалык тазалоо жумуштары планга коюлган.