Көрүүсү начарлар үчүн версия

Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА "БИЛИМ ПАДЫШАСЫ" АТАЛЫШЫНДАГЫ ИНТЕЛЕКТУАЛДЫК АКЫЛ ТАЙМАШЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Жарыяланган датасы:

26.12.2025, 16:36

Бүгүн Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы "Семетей" кинотеатрында окуучулар арасында "Билим падышасы" аталышындагы интеллектуалдык акыл таймашынын финалдык бөлүгү өткөрүлдү.

Интеллектуалдык акыл таймашка Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары С.Мамбетова, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы У.Мамбеткулов жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысы М.Толобаев менен бирге мугалимдер, окуучулар катышышты.

Акыл таймашта бул убакытка чейинки 27 мектептин арасында өткөрүлгөн таймаштан тандалып алынган мыкты алты окуучу финалга катышышып, жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу белектер менен сыйланышты.

Интеллектуалдык таймаштын жыйынтыгы менен 1-орунга Т.Айтматов атындагы орто мектебинин окуучусу ээ болуп "Билим падышасы" кубогу менен бирге сыналгыга ээ болсо, 2-орунга ээ болгон Б.Айтпаев атындагы орто мектебинин окуучусу жана 3-орунга ээ болгон Т.Бабанов атындагы жатак мектебинин окуучулары менен бардык катышуучулар райондук мамлекеттик администрациясынын дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Мындан сырткары акыл таймаштын активдүү катышуучуларына райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Ардак грамоталар менен бирге акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Район аймагында өткөрүлүп жаткан мындай иш-чаралар өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.

 

 


 

  Кароолор (1)