Көрүүсү начарлар үчүн версия

Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА 1-ИЮНЬ-ЭЛ АРАЛЫК БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Жарыяланган датасы:

02.06.2025, 10:32

Бүгүн Кызыл-Адыр айылындагы Семетей кинотеатрында 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.

Иш-чара Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Салтанат Мамбетова, Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Стамкулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Самара Жарманбетовалардын жана 300 баланын катышуусунда өткөрүлүп, майрамды утурлай алардын ар бирине Кара-Буура айыл өкмөтү тарабынан балмуздактар таратылып берилди.

Майрамдык иш-чарада келген бөбөктөргө райондук балдарга билим берүү борбору тарабынан концерттик программалар тартууланып, иш-чарада 50 эгиз балага атайын даярдалган белектер тапшырылды.

Майрамдык иш-чаранын соңунда Семетей кинотеатрынын администрациясы тарабынан балдар үчүн мультфильмдер көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралар район аймагындагы бардык айыл аймактарда белгиленди.

  Кароолор (14)