Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров Кызыл-Адыр айылындагы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун имаратынын абалы менен жеринде таанышты.
Жарыяланган датасы:
29.01.2026, 14:34
Маалым болгондой, оорукананын имаратынын курулуш иштери 1969-жылы башталып, 1972-жылы пайдаланууга берилген. Курулган күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин имарат капиталдык оңдоодон өткөн эмес.
Район жетекчиси Н. Умаров райондук жалпы дарыгердик практика борборунун жетекчиси К. Акматбековго оорукананын имараты капиталдык оңдоодон өткөрүүгө муктаж экендигин белгилеп, имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү максатында долбоордук-сметалык иш кагаздарын даярдоону тапшырды.