Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ» ЖАНА «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ» КАРОО-СЫНАГЫНЫН РАЙОНДУК ТУРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
Жарыяланган датасы:
17.04.2025, 12:59
Бүгүн Чолпонбай айылындагы "Чолпонбай" айылдык маданият үйүндө Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Салтанат Мамбетова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Самара Жарманбетованын жана билим берүү тармагынын кызматкерлеринин катышуусунда ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурсунун райондук турунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасы өткөрүүлдү.
Аталган кароо-сынактын райондук туру 2025-жылдын 8-9-апрель күндөрү Кызыл-Адыр айылындагы Ж.Субанбеков атындагы орто мектебинде 23 мектептин мугалимдеринин ортосунда "Жылдын мыкты мугалими" кароо-сынагы өткөрүлсө, ошол эле күнү 13 бала бакчанын тарбиячыларынын ортосунда "Айданек" балдар бакчасында "Жылдын мыкты тарбиячысы" кароо сынактары өткөрүлгөн.