Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

ЖООН-ДӨБӨ - МОЛДО-АСАН ЖОЛУНУН САПАТЫ ТЕКШЕРИЛДИ

Жарыяланган датасы:

25.06.2025, 12:07

Бүгүн Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Умаров Нурланбек Эшматович Чолпонбай айыл өкмөт башчысы менен биргеликте Жоон-Дөбө - Молдо-Асан айылдарын байланыштырган жолго мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатка төшөлгөн асфальттын сапатына назар салып, иштин сапатын текшерди.

Эске салсак салынып жаткан аталган жолдун сапаты боюнча айыл эли  социалдык тармактар аркылуу тиешелүү жетекчиликтерге кайрылууларды жолдошкон. Мындан улам район жетекчиси жолдун сапатына жеринде күбө болуп, тийиштүү мекемелер менен сүйлөшүп, жолдун сапаты боюнча лабораториядан текшерүү тапшырмасын койду. 
Ошондой эле "Туюк-Жар" кыш чыгаруучу ишканасына жаңы басылган асфальт жолу толук кургагыча чоң жүк ташуучу унаалардын жүгүн чектөөгө ылайык жүктөп ташуу боюнча талап коюлду.

  Кароолор (29)