Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

ШЕКЕР ЖАНА ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАКТАРЫНДА ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Жарыяланган датасы:

15.03.2025, 14:02

Бүгүн 2025-жылдын 15-март күнү Шекер жана Чолпонбай айыл аймактарында айыл аймак башчыларынын жылдык отчеттук жыйындары болду.

Алгач жыйын Шекер айыл өкмөтүндө өткөрүлүп, анда айыл өкмөт башчысы Бактыгул Мураталиева 2024-жылы айыл аймакта жүргүзүүлгөн иштер боюнча маалыматын берип, 2025-жылга карата аткарыла турчу иш пландары менен тааныштырды. 
Ал эми жергиликтүү тургундардан таза суу, суугат суу, ички каналдарды тазалоо, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин трансформациядан өткөрүү, ички каналдарды райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү, "Чыңгыз Ордо" комплексинин курулушу, айыл аймакты газдаштыруу ж.б маселелер көтөрүлүп, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша жооп берилди.

Ал эми күндүн экинчи жарымында ушундай эле жыйын Чолпонбай айыл өкмөтүндө уланып, айыл өкмөт башчысы Кенжекул Жамакеевдин  2024-жыл ичинде жасалган иштери боюнча отчету угулуп, аткарылган иштер боюнча суроолорго жооп берилип, жыйынга келген тургундар тарабынан аткарылган иштерине "Канааттандырарлык" деген баа берилди.
Андан соң район жетекчисине жана райондук мекеме-уюмдары менен күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жазгы талаа жумуштарына даярдыктар, сапаттуу үрөөн жана жеңилдетилген баада дыйкандарды жер семирткичтер менен камсыз кылуу, ички көчөлөргө кум шагыл төшөө, электр мамылары менен электр чубалгыларын тартуу боюнча маселелер көтөрүлүп, тиешелүүлүгүнө жараша райондук жетекчилер тарабынан жооп беришти.

Ошондой эле жыйындардын жүрүшүндө Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Сагымбаев Бектур Абдыразакович 2024-жылы район аймагындагы аткарылган алгылыктуу иштер жана ишке ашырылган долбоорлор боюнча маалымат берип, алды да аткарыла турган иштер жөнүндө маалымат берди.

  Кароолор (60)