Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
ШЕКЕР АЙЫЛЫНДА К.Н.ИЛЮМЖИНОВ АТЫНДАГЫ ШАХМАТ МЕКТЕБИ АЧЫЛДЫ
Жарыяланган датасы:
23.05.2025, 08:35
Бүгүн Шекер айылындагы Т.Айтматов атындагы орто мектебинин базасында Калмыкия Республикасынын экс-президенти, мамлекеттик жана саясий ишмер Илюмжинов Кирсан Николаевичтин демилгеси жана каржылык колдоосу менен К.Н.Илюмжинов атындагы шахмат мектеби ачылды.
Ага Калмыкия Республикасынын экс-президенти, мамлекеттик жана саясий ишмер Илюмжинов Кирсан Николаевич, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев, Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Шекербек Тургунов, Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыгул Мураталиева жана жергиликтүү тургундар, мугалимдер менен бирге шахмат сүйүүчүлөрү катышышты.
Иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, спорттун шахмат түрү боюнча бир канча жолку мелдештердин жеңүүчүлөрү Кирсан Николаевич менен шахмат ойногонго жетишишти.