Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

РАЙОНДУН БОРБОРДУК ПАРКЫН ЖАҢЫЛОО ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Жарыяланган датасы:

03.04.2025, 11:12

Бүгүн Кызыл-Адыр айылындагы Е.Абдилдаев атындагы борбордук паркындагы эскилиги жеткен көп жылдык бак дарактардын ордуна жеке ишкер Болот Абдилдаев тарабынан 3 500 000 сомго 710 түп карагайдын, туянын, ак кайыңдын жана дубдун көчөттөрү сатып алып берилип, көчөттөрдү отургузуу иш-чарасы болуп өттү.

Аталган иш-чарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Джумаев, Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Сагымбаев жана Кара-Буура айыл өкмөтү менен райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери жана алардын кызматкерлери ошондой эле жергиликтүү тургундар катышышты.

Демөөрчүлөрдүн эсебинен райондун борбордук паркын реконструкциялоо жумуштарынын алкагында паркка жаңы көчөттөрдү отургузуп, аларды тамчылатып суугаруу системасына кошуу, таман таш төшөө, жарыктандыруу, балдар ойноочу аянтчаларды куруу жана ошондой эле ага бир кароолчу менен жаңы отургузулган көчөттөрдү күтүү үчүн бир багбан кызмат орду каралган.

Мындан сырткары парктагы кичи соода түйүн дүкөндөрүнүн бардыгы бирдиктүү үлгүдө жасалып, эс алуучулар үчүн жагымдуу шарттар жасалат.

Эске салсак Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бектур Сагымбаевдин жеке ишкер Болот Абдилдаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында үстүбүздөгү жылдын 26-февраль күнү жеке ишкер Болот Абдилдаевдин өкүлдөрү келишип, Кызыл-Адыр айылындагы Ералхан Абдилдаев атындагы борбордук паркына оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүзүү боюнча пландоо жумуштарын көрүп кетишкен.

  Кароолор (68)