Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

РАЙОН ЖЕТЕКЧИСИ ЖАРАНДАРДЫН КАЙРЫЛУУЛАРЫ БОЮНЧА ЖЕРИНДЕ ИШ БАРУУДА

Жарыяланган датасы:

08.07.2025, 14:37

Бүгүн Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров менен бирге Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Стамкуловдор жарандардын кайрылуулары менен жеринде иш алып барышууда.

Айтматов районунун Кызыл-Адыр, Бакыян, Бейшеке жана Үч-Булак айылдарынын жергиликтүү тургундары район жетекчисинин жеке кабылдамасында болушуп, айыл чарба багытындагы бир катар маселелер боюнча кайрылышкан.

Аталган кайрылуунун негизинде район жетекчиси Кара-Буура айыл өкмөтү менен биргеликте жарандар тараптан көйгөйлүү маселелердин бири болгон таза суу маселеси менен жаңы конуштарга сугат сууну жеткирип берүү боюнча жеринде барып таанышып, айыл өкмөт башчысына тиешелүү тапшырмаларды берди.

  Кароолор (54)