Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

РАЙОН ЖЕТЕКЧИСИ КЫЗЫЛ-АДЫР АЙЫЛЫНЫН ТАЗА СУУ КӨЙГӨЙҮ МЕНЕН ЖЕРИНДЕ БАРЫП ТААНЫШТЫ

Жарыяланган датасы:

26.06.2025, 15:39

Бүгүн Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров райондун борбору Кызыл-Адыр айылындагы көйгөйлүү маселелердин бири болгон таза суу маселеси менен жеринде барып таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп аларга суунун мезгил-мезгили менен берилип жаткандыгы боюнча маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Эске салсак акыркы убактарда жер астындагы суулардын тартылуусунан улам райондун борборундагы көп кабаттуу үйлөргө таза сууну жеткирүүдө маселелер жаралып, альтернативдик жолдор менен калкка ичүүчү таза суу жеткирүү жагы колго алынууда. 
Бул көйгөйгө боюнча тиешелүү райондук мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырмалар берилип, көзөмөлгө алынды

  Кароолор (29)