Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
РАЙОН ЖЕТЕКЧИСИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛООСУНА КАТЫШТЫ
Жарыяланган датасы:
30.11.2025, 09:36
Бүгүн Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сегтябрындагы «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндөгү» Жарлыгынын негизинде өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышты.
Район жетекчси райондун борбору Кызыл-Адыр айылындагы #6040 шайлоо участкасынан аралыктан добуш берип, шайлоочуларга кайдыгер карабай шайлоого активдүү катышууга чакырды.