Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

РАЙОН ЖЕТЕКЧИСИ ЧОЛПОНБАЙ ЖАНА КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАКТАРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

Жарыяланган датасы:

06.11.2025, 12:02

Бүгүн Айтматов районунун акими Нурланбек Умаров баштаган райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери Чолпонбай жана Кара-Буура айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда тургундар тарабынан төө бурчактын баасы жана сатуунун жолдору, электр энергиясын пайдаланууда киргизилип жаткан чектөөлөр, калктын көмүр менен камсыз болушу, айылдардагы бала бакчалардын курулушу, Кызыл-Адыр айылына шаар статусун берүү жана жазгы талаа жумуштарына даярдык маселелери көтөрүлдү.

Аким Нурланбек Умаров ар бир маселе боюнча тиешелүү органдар менен биргеликте иштер жүргүзүлөрүн белгилеп, жергиликтүү бийлик калктын көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө дайыма даяр экенин баса белгиледи.

  Кароолор (139)