Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
РАЙОН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖООКЕРЛЕРДЕН КАБАР АЛЫШТЫ
Жарыяланган датасы:
27.02.2025, 16:25
Бүгүн Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Салтанат Мамбетова баштаган бир катар райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери Айтматов районунун аймагындагы "Сатыкей" жана "Көк-Сай" чек ара заставаларынын жоокерлеринен кабар алып, 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулуп берилди .
Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы, райондук аскер комиссариаты жана райондук маданият бөлүмү менен биргеликте уюштурулган бул иш-чарада жоокерлер үчүн райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программалар тартууланып, келген конокторго чек ара заставасында кызмат өтөп жаткан жоокерлер өздөрүнүн даярдаган аскердик көнүгүүлөр менен бирге өнөрлүү жоокерлер музыкалык программаларын тартуулашты.
Иш-чарада уюштуруучулар тарабынан чакан белектер тапшырылды.
Майрамдык иш-чаранын экинчи бөлүгүндө "Сатыкей" чек ара заставасына Аманбаев айыл өкмөтүнүн аялдар кеңеши тарабынан майрамдык дасторкон уюштурулуп берилсе, "Көк-Сай" чек ара заставасындагы Аскер кызматкерлери жана жоокерлер үчүн майрамдык дасторкон Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулуп берилди.