Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

РАЙОН АЙМАГЫНДА ЗОРДУК ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН-АЛУУГА БАГЫТТАЛГАН ИШ-ЧАРАЛАР УЛАНУУДА

Жарыяланган датасы:

28.02.2025, 16:22

Бүгүн Чолпонбай айылындагы "Чолпонбай" маданият үйүндө жаш өспүрүмдөргө карата  болуп жаткан  зордук-зомбулуктун, өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан кылмыштуулуктун, рэкетчиликтин, суициддин жана эрте никеге туруунун алдын-алуу боюнча Чолпонбай айыл өкмөтүнүн колдоосу, айылдык маданият үйүнүн уюштуруусу менен айыл аймактагы мектептердин окуучуларынын катышуусунда иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага катышкан райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Салтанат Мамбетова, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Улан Мамбеткуловдор иш-чарага катышкан окуучулар менен алардын ата-энелерине, мугалимдерге өспүрүмдөр арасындагы болуп жаткан кылмыштуулуктун, рекетчилик менен эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

  Кароолор (53)