Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Жарыяланган датасы:

27.03.2025, 10:48

Бүгүн Т.Бабанов атындагы жатак-лицейинде мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын 3-этабынын жыйынтыгы менен байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар менен аларды даярдаган мугалимдерин сыйлоо иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Жарманбетова баштаган билим берүү тармагынын кызматкерлери, окуучулар менен алардын ата-энелери катышышты.

Белгилей кетсек мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын 2-этабына (райондук тур) 365 окуучу катышып, жыйынтыгында 60 окуучу байгелүү орунга ээ болгон болсо, алардын ичинен 39 окуучу 3-этапка( облустук)  катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. 2025-жылдын 13-14-март күндөрү Талас шаарында өткөрүлгөн облустук турдан райондун атынан барган окуучулардын 15 байгелуу орундарга ээ болгон болсо, анын ичинен 7окуучу , олимпиаданын 4-этабына ( республика) жолдомо алышкан.

Аталган олимпиаданын 3-этабынын жыйынтыгы менен Талас облусунун ичинен Айтматов району 1-орунду камсыз кылууга жетишти.

  Кароолор (32)