Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Мыкты тажрыйбалар жана улуттук дем!

Жарыяланган датасы:

14.06.2025, 11:56

Урматтуу мекендештер!

Жалпыӊыздар жакшы билгендей 2024-жылы Кыргызстандын эӊ мыкты айыл өкмөтү катары Талас облусундагы Аманбаев айыл өкмөтү КР Министирлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 3 млн сом сыйлыкка ээ болгон. Бул ийгилик албетте узак жылдардагы талыкпаган эмгектин, чеке тердеткен мээнеттин, ак ниет башкаруунун, элдин ишенимин актай билген жетекчиликтин жана ынтымактуу жамааттын жемиши деп айтаар элем.

Биздин максатыбыз — бир гана мыктыны куттуктоо эмес, ар бир айыл өкмөттү мыкты болууга жетелөө.

Бүгүнкү “Мыкты тажрыйбалар жана улуттук дем” аттуу республикалык семинар кеңешменин өзгөчөлүгү — бул жер-жерлердеги мыкты тажрыйбаларды бириктирип, аларды масштабдуу түрдө жайылтуу мүмкүнчүлүгүн түзүп жатканы. Биз бир багытты карманып, биримдикте иш алып барсак, өнүгүү жолубуз да ырааттуу, туруктуу болот.

Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров белгилегендей, “Аймактарды өнүктүрүү — улуттук өнүгүүнүн башкы багыты”. Бул багытта ар бир жетекчи, ар бир айыл өкмөт өз салымын кошууга милдеттүү.

Андыктан ар бир айыл аймак өзүнүн артыкчылыктуу тармагын таап, ошого жараша демилгелерди көтөрүп чыгышы керек. Семинардын алкагында айтылган идеялар, сунуш-пикирлер натыйжалуу иштерге өбөлгө түзүп, кеӊешме өз максатына жетти демекчимин.

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, кызматтык ийгилик жана жаратмандык каалайм!
 

  Кароолор (10)