Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КЕСИПТИК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Жарыяланган датасы:

26.06.2025, 12:11

2025-жылдын 25-июнь күнү Кызыл-Адыр айылындагы “Семетей” кинотеатрында 23-июнь Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнүнө карата Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаровдун катышуусунда майрамдык иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү.

Район жетекчиси менен бирге мамлекеттик жана муниципалык кызматтын кызматкерлери катышкан иш-чарада ишиндеги алдыңкы жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар мекеме-уюмдардын жетекчилери менен кызматкерлери райондук мамлекеттик администрациясынын "Ардак грамоталары", “Ыраазычылык каттары” менен сыйланышып, иш-чара райондук маданият жана райондук билим берүү бөлүмдөрү тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
 

  Кароолор (26)