Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кызамык ооруусун алдын алуу иш аракеттери
Жарыяланган датасы:
13.03.2025, 15:33
2025-жылдын 13- мартында Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында кызамык ооруусунун алдын алуу максатында райондук штабдын жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары С.Мамбетова, Талас облусу боюнча координациялоо функциясы менен Талас райондук оорууларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Ч.Сагындыкова, райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун, райондук санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчилери, айыл аймактарынын ФАП жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери катышышты.
Жыйында бүгүнкү күндө кызамык ооруусунун көбөйүп жаткандыгы белгиленип анын алдын алуу максатында жер-жерлерде кызамык ооруусуна каршы эмдөөдөн баш тарткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү жагы тапшырылды.