Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ АЙТМАТОВ РАЙОНУНУН БОРБОРУ КЫЗЫЛ-АДЫР АЙЫЛЫНЫН АКЫБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Жарыяланган датасы:
10.07.2025, 14:52
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Айтматов районунун борбору Кызыл-Адыр айылына келип, айылдын тазалыгы, калк үчүн түзүлгөн эс алуу жайлардын акыбалы менен таанышты.
Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Кызыл-Адыр айылындагы негизи көчөлөр жана Е.Абдилдаев атындагы борбордук паркты ирээтке келтирүү боюнча бир катар сунуштарды берип кетти. Ошондой эле райондун борборунун негизги көчөлөрүнүн инфраструктурасын жакшыртуу, тазалыкты сактоо жана жарнамалык такталарды алуу боюнча район жетекчиси Нурланбек Умаровго жана Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Стамкуловго тапшырмаларды берип, кетирилген кемчиликтерди кыска убакыттын ичинде калыбына келтирүүнү белгиледи.