Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Коррупция боюнча иш-чара
Жарыяланган датасы:
08.12.2025, 09:19
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясын жана 9-декабрь дүйнөлүк коррупцияга каршы күрөшүүнүн күнүнө карата 2025-жылдын 8- декабрында Айтматов райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан Ж.Субанбеков, Т.Бабанов жана Манас орто мектебинин 9-10-11- классынын окуучуларына лекция окулуп, келечекте адилеттүү, чынчыл жана жоопкерчиликтүү жаран болууга чакырып кетишти.
Коррупция -бул дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө кезигүүчү, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө олуттуу зыян келтирүүчү көрүнүш. Ал адилеттүү башкарууга тоскоолдук жаратат, жарандын укуктарын бузат, экономикага зыянын тийгизет жана мамлекетке болгон ишенимди төмөндөтөт.
Ошого байланыштуу мыйзамдуулукту, ак ниеттикти, адилеттүүлүктү баалоо-бул ар бир жаран үчүн эң маанилүү милдет!