Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

КООМДУК ЖАЙЛАРДАГЫ ТАМАК-АШ КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛДИ

Жарыяланган датасы:

25.06.2025, 12:03

2025-жылдын 23-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 10-июнундагы №151 “Жарандардын массалык уулануусунун алдын-алуу жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндөгү” буйругун аткаруу максатында Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы коомдук тамактануучу жайларда текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы, райондук оорууларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана райондук ветеринардык башкармалыгы менен түзүлгөн комиссия курамы райондун борборундагы ашканаларды, кафе, чайханаларды жеринен барып текшерип, тамак-аш коопсуздугунун жана санитардык талаптарга туура келбеген коомдук тамактануучу жайлар жабылып, ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

  Кароолор (29)