Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Киров мектеп-интернатындагы өрт кырсыгынын курмандыктары эскерилди
Жарыяланган датасы:
04.02.2026, 14:32
Бүгүн 2026-жылдын 4-февралында Кызыл-Адыр айылындагы Е. Абилдаев атындагы борбордук паркта Киров 8 жылдык мектеп-интернатындагы өрт кырсыгынан курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Нурланбек Умаров, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, ошол кездеги мектеп-интернатта билим алган бүтүрүүчүлөр, өрт кырсыгынан курман болгондордун жакындары жана район тургундары катышты.
Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө курман болгондорго арналып орнотулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, маркумдардын арбагына Куран окулду. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары каргашалуу окуяда каза болгон окуучулардын элесине таазим кылышты.
Белгилей кетсек, бул каргашалуу окуя 1969-жылдын 4-февралына караган түнү Киров 8 жылдык мектеп-интернатында күтүүсүздөн чыккан өрттүн кесепетинен болуп, анын натыйжасында 39 окуучу өмүрүн жоготкон. Бул трагедия район тарыхындагы эң оор жоготуулардын бири катары сакталып келет.