Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ СЫЙЛОО ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Жарыяланган датасы:
30.06.2025, 15:52
Бүгүн Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы "Семетей" кинотеатрында 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен Жалпы Республикалык тестирлөөдөн жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн жана окуунун алдыңкыларын сыйлоо иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров баштаган район жетекчилери менен бирге мугалимдер, окуучулар жана алардын ата-энелери катышышты.
Окуунун алдыңкыларын сыйлоо аземинде район жетекчиси өзүнүн куттуктоосунда окуучуларга өлкөбүздүн жана дүйнөнүн мыкты жогорку окуу жайларына студент болууну каалоо менен бирге жогорку окуу жайларды дагы ийгиликтүү аяктап, келечекте дасыккан адистердин катарын толуктап, өлкөбүздү ар тараптан өнүктүргөн инсандардан болосуңар деген куттуктоолорун айтты.
Иш-чарада Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен алдыңкы үч орунду ээлеген бүтүрүүчүлөргө жана аларды даярдаган мугалимдерге жеке ишкер Медер Чотонов тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылса, тестирлөөдөн жогорку балл алган окуучулар акимдин колунан райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамоталарын алышты.
Жеке ишкер Медер Чотонов тарабынан Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен райондо 221 балл менен 1-орунду камсыз кылган Т.Бабанов атындагы жатак-мектебинин бүтүрүүчүсү Кушубекова Альбина Замирбековнага 100 000 сом жана 219 балл менен 2-орунду ээлеген ушул эле жатак мектептин бүтүрүүчүсү Сопубеков Медер Мелисовичке 70 000 сом жана мектептин эмгек жамааттына 100 000 сом ошондой эле 209 балл менен 3-орунду камсыз кылган Керимбай атындагы Кайнар орто мектебинин бүтүрүүчүсү Ашырбаева Асема Канатбековнага 50 000 сом жана аны даярдаган мугалимдерине 50 000 сом акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Ошондой эле орток балл боюнча алдыңкы 6 мектептин жамаатына 10 000 сомдон акчалай сыйлыктар берилди.
Мындан сырткары Кара-Буура айыл өкмөтү тарабынан алдыңкы окуучулар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.