Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
АМАНБАЕВ ЖАНА КАРА -БУУРА АЙЫЛ АЙМАКТАРЫНДА ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Жарыяланган датасы:
19.03.2025, 09:56
Бүгүн 2025- жылдын 19- мартында Аманбаев жана Кара-Буура айыл аймактарында айыл аймак башчыларынын жылдык отчет жыйындары өткөрүлдү.
Алгач жыйын Аманбаев айыл өкмөтүндө өткөрүлүп, айыл өкмөт башчысы Бакыт Анарбаев 2024- жылы айыл аймакта аткарууга алынган иштери боюнча маалыматын берип 2025- жылга карата жасала турган иш- пландары менен тааныштырды. Ал эми жыйынга катышкан жергиликтүү тургундар тараптан ар тараптуу суроолор берилип, тиешелүүлүгүнө жараша айыл өкмөт башчысы жана райондук мекеме уюмдарынын жетекчилери жооп беришти.
Ал эми күндүн экинчи жарымында элдик жыйын Кара-Буура айыл өкмөтүндө өткөрүлүп, айыл өкмөт башчысы Болот Стамкуловдун 2024- жыл ичинде жасалган иштери видео ролик аркылуу толук көрсөтүлүп, айыл өкмөт тарабынан кыскача маалымат берилди.
Жергиликтүү тургундар тарабынан берилген суроолорго айыл өкмөт башчысы жооп берип, 2024- жылы аткарган иши канааттандыраарлык деп бааланды.
Жыйындын катышуучулары берген суроолоруна райондук мекеме уюмдары тарабынан жооп ала алышты .
Ошондой эле жыйындардын жүрүшүндө Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Сагымбаев Бектур Абдыразакович 2024- жылы район аймагында аткарылган иштер жана ишке ашырылган долбоорлор боюнча маалымат берип, 2025- жылы аткарууга алына турган иштер жөнүндө маалымат берди.