Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
АКИМДИН БАЛДАРГА АРНАЛГАН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Жарыяланган датасы:
29.12.2025, 16:32
Жылдын жыйынтыгы менен 28-декабрь күнү Кызыл-Адыр айылындагы "Айкөл" ресторанында Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен 100 баланын катышуусунда акимдин балатысы өткөрүлдү.
Майрамдык балатыда райондук маданият бөлүмү жана Айтматов райондук балдарга билим берүү борбору тарабынан жомок каармандарынын катышуусунда концерттик программа тартууланып, келген балдарга акимдин белектери тапшырылды.
Аталган иш-чарага жарым жетим, тоголок жетим балдар менен бирге аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары келишкен.
Аталган балатыны уюштуруп өткөрүүгө жакындан колдоо көргөзгөндүгү үчүн "Эмилия" сүт заводунун жана “Айкөл” ресторанын жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз.