Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
АЙТМАТОВ РАЙОНУНУН АКИМИНИН КИЧИ ФУТБОЛ БОЮНЧА КУБОГУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
Жарыяланган датасы:
20.12.2025, 16:38
Бүгүн Кызыл-Адыр айылындагы “Асыл” спорт комплексинде Айтматов районунун акиминин кичи футбол боюнча кубогуна расмий түрдө старт берилди. Спорттук иш-чарага Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Нурланбек Умаров, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, спортчулар жана футбол сүйүүчүлөр катышты.
Ачылыш аземинде район жетекчиси катышуучуларды мелдештин башталышы менен куттуктап, мындай спорттук иш-чаралар сергек жашоо образын жайылтууга, жаштардын бош убактысын туура пайдаланууга жана коомдогу ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, аталган турнир өткөн жылы да ийгиликтүү уюштурулуп, мелдеш эки категорияда – 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан жогоркулар арасында өткөрүлгөн. Анда Талас облусу боюнча жалпы 31 команда катышып, жеңүүчүлөр демөөрчүлөр тарабынан аргымактар менен сыйланышкан.
Эске салсак, быйылкы өткөрүлүп жаткан турнирдин өзгөчөлүгү – мелдешке Кыргызстандын курама командасында ойноп жүргөн спортчулардын да катышуусу, бул оюндардын деңгээлин дагы да жогорулатып, мелдешке өзгөчө көрк берүүдө.