Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

АЙТМАТОВ РАЙОНУНУН АЙМАГЫНДА ИШЕМБИЛИКТЕР ӨТКӨРҮЛДҮ

Жарыяланган датасы:

05.04.2025, 11:29

Бүгүн Айтматов районунун аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгынын алкагында массалык ишембиликтер өткөрүлдү.

Ишембиликке райондун аймагындагы бардык мекеме-уюмдардын жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, жаштар катышышып, Суусамыр-Талас-Тараз Эл аралык маанидеги трассасынын жана айыл аймактардын ички көчөлөрүнүн эки тарабын жана райондук мекеме ишканалардын айлана тегерегин таштандыдан тазалоо жана жол боюндагы бак-дарактарды актап сырдоо иштери жүргүзүлдү.

Ишембиликке жалпы 810 адам жана 35 техникалар тартылып, 9,5 тонна таштанды чыгарылды.

  Кароолор (31)