Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

Жарыяланган датасы:

31.12.2025, 14:42

2025-жылдын 30-декабрь күнү Кызыл-Адыр айылындагы "Семетей" кинотеатрында Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жыл жыйынтыгын чыгарган иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров, айыл аймак башчылары, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, кызматкерлер жана ар кыл тармактын өкүлдөрү катышышты.

Жыл жыйынтыгын чыгарган майрамдык иш-чарада 2025-жыл ичинде ишиндеги көрсөткөн көрсөткүчтөрү үчүн "Жылдын мыкты мекемеси" наамы “Семетей” кинотеатрына, "Жылдын мыкты жетекчиси" наамы “Кыргызтелеком” ААКнун Айтматов райондук бөлүмүнүн жетекчиси Байсабаев Махмуд Чойбековичке тапшырылса, дагы бир катар наамдар күч түзүмдөрүнүн, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба тармагы менен бирге мамлекеттик кызмат чөйрөсүнүн кызматкерлерине тапшырылды.

Ошондой эле иш-чарада райондун социалдык-экономикалык, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарынын өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн мамлекеттик кызматтын ардагери Осмоналиев Анарбек Дилдебекович, Айтматов райондук жалпы дарыгердик практика борборунун Аманбаев филиалынын педиатр дарыгери Сатыбеков Абдыманап Сатыбекович жана Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин физика сабагынын мугалими Станбекова Айчурөк Бообековналарга райондун "Ардактуу атуулу" наамдары тапшырылса, Айтматов райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Баратова Кульжамийла Байдылдаевнага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин “Нарктуу жетекчи” наамы ыйгарылды.

Мындан сырткары бир катар мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары, Мактоо баракчалары менен сыйланышты.

  Кароолор (7)