Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Жарыяланган датасы:

09.05.2025, 05:55

үгүн Кызыл-Адыр айылында 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

Майрамдык иш-чарага Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Шекербек Тургунов баштаган райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери менен кызматкерлери, мугалимдер жана район тургундары катышышты.

Алгач иш-чара Кызыл-Адыр айылындагы Баатырлар аллеясына гүл коюлуп, согуш талаасында баатырлык көргөзүп курман болгон ардагерлерге багышталып Куран окуу менен башталды.

Андан соң майрамдык иш-чара Суусамыр-Талас-Тараз эл аралык маанидеги автожолунан райондук мамлекеттик администрациясына чейин райондук жетекчилер менен бирге күч түзүмдөрүнүн, райондук мекеме уюмдардын кызматкерлеринин жана жергиликтүү тургундардын жалпы 1500 адамдын катышуусунда "ӨЛБӨС ПОЛК" жүрүшү өткөрүлдү.

Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаранын экинчи бөлүгүндө өчпөс от жандырылып, "Белгисиз жоокердин" айкелине гүл чамбарлар коюлуп, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен, мектеп окуучуларынан жана Айтматов райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкерлери менен Айтматов райондук балдарга билим берүү борборунун мугалимдери жана окуучуларынан түзүлгөн майрамдык парад уюштурулду.

Мындан сырткары майрамды утурлай райондук маданият жана билим берүү бөлүмдөрү ошондой эле райондук балдарга билим берүү борборунун окуучулары тарабынан майрамга келген конокторго концерттик программа тартууланып, тынчтыктын символу болгон 80 көгүчкөн асманга учурулду.

Эске салсак Киров районунан Улуу Ата Мекендик согушуна 5175 адам чакырылган болсо, анын ичинен 2917 дайынсыз жоголуп, согуш талаасында курман болушкан.

  Кароолор (42)