Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА РЕПРЕССИЯ КУРМАНДЫКТАРЫНА АРНАЛГАН АЙКЕЛДЕР АЧЫЛДЫ

Жарыяланган датасы:

14.11.2025, 14:39

Айтматов районунда Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 1937–1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктары болгон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер — Төрөкул Айтматов, Эркинбек Эсенаманов жана Султанбек Монголбаевдин мемориалдык айкелдери тургузулуп, салтанаттуу түрдө ачылды.

Иш-чара Кызыл-Адыр айылындагы Ералхан Абилдаев атындагы борбордук паркта өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров, Кыргыз Республикасынын Баатыры Алиясбек Алымкулов, айкелдери тургузулган инсандардын урпактары жана туугандары, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери менен коомдук ишмерлер, аксакалдар жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Айкелдер расмий түрдө ачылгандан кийин маркумдардын арбагына багышталып куран окулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Айтматов райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору жана мектеп окуучулары тарабынан концерттик программалар тартууланып, көркөм окуулар айтылды.

  Кароолор (5)