Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА “КЫРГЫЗСТАН-КӨП УЛУТТУУ ӨЛКӨ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ФЕСТИВАЛЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Жарыяланган датасы:
18.04.2025, 12:18
Бүгүн Кызыл-Адыр айылындагы “Семетей” кинотеатрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу, 2022-жылдын 20-майындагы №157 “Улуттук нарк жөнүндөгү” жана 2020-жылдын 13-ноябрындагы 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндөгү №39 Жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында райондук билим берүү бөлүмүнүн демилегси менен район аймагында жашаган бардык этностордун ынтымагын, биримдигин чыңдоо жана алардын достугун бекемдөө максатында “Кыргызстан-көп улуттуу өлкө” аталышындагы фестиваль өткөрүдү.
Аталган фестивалга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Салтанат Мамбетова, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Талас облустук бөлүмүнүн жетекчиси Бактыбек Артыкбеков, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Самара Жарманбетова жана район аймагындагы диаспора өкүлдөрү менен мугалимдер, окуучулар менен жергиликтүү тургундар катышышты.
Иш-чарада мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери тарабынан район аймагында жашаган улуттардын улуттук ашканасынан даамдар даярдалып көргөзмөгө коюлган болсо, жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары тарабынан кыргыз, казак, азербайжан, өзбек, орус, тажик, беларус, курд, түрк жана түркмөн улуттарынын кийимдерин кийишип, алардын тилинде саламдашып, улуттук ырларын ырдашып жана улуттук бийлерин бийлешип, ар улуттун маданиятын даңазалаган программалар тартууланды.
Эске салсак бүгүнкү күндө Айтматов районунда 72368 калк жашаса, анын 5443 ар улуттун өкүлдөрү. Алардын көпчүлүгүн орус, казак, түрк, курд жана өзбек улутунун өкүлдөрү түзөт.