Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООНУН АЛКАГЫНДА БИР КАТАР КЫЗМАТТАР ГАРНИЗОНДУК САПКА ТУРУШТУ

Жарыяланган датасы:

27.11.2025, 11:17

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын алдында бир катар райондук кызматтар гарнизондук сапка турушту.

Иш-чарага Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Мирбек Акымбеков, ошондой эле райондук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Сапка туруунун жүрүшүндө шайлоо күнү коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кызматтык милдеттерди так аткаруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Атап айтканда:

🔰 Райондук ички иштер бөлүмүнө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, шайлоо участкаларындагы техникалык жабдууларды кайтарууда күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу тапшырылды.

🔰 Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө өрт коопсуздугун алдын алуу жана шайлоо маалында ыкчам аракеттенүүгө даяр болуу милдети жүктөлдү.

🔰 Айтматов райондук жалпы дарыгердик практика борборуна шайлоо участокторунда дарыгерлерди үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тапшырма берилди.

🔰Райондук электр тармактар ишканасына шайлоо күнү электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү, ыкчам авариялык топторду даярдоо милдети коюлду.

Иш-чаранын жыйынтыгында бардык кызматтарга шайлоо күнүнө максималдуу даярдыкта болуу, кызматтык тартипти күчөтүү жана элге туруктуу, коопсуз шарт түзүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.

  Кароолор (12)