Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА КООПСУЗДУКТУ ЖАНА УКУК ТАРТИБИН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Жарыяланган датасы:

30.06.2025, 13:55

2025-жылдын 30-июнь күнү Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Айтматов районунда коопсуздукту
жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлдү. 
Жыйынга Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, райондун прокурору, КР улуттук  коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Айтматов райондук бөлүмүнүн башчысы, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары менен мектеп директорлору катышышты.

Координациялык кеңештин күн тартибинде 3 маселе каралды: 
Координациялык кеңешменин курамына өзгөртүү киргизүү;
Район аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жана жаш өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулукту алдын алуу;
Айтматов районунда 2023-2025-жылдары республикалык бюджеттин эсебинен курулуп бүткөн жана курулуш иштери жүрүп жаткан объектилер тууралуу маселелер каралды.

Аталган маселелер боюнча район аймагындагы жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү секторунун башчысы Н.Токтокеева, экономика жана региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Н.Эрназаров, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары У.Бапиев жана райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын бөлүм башчысы Т.Асанбековдор маалымат беришип, алдын-алуу иштерин жүргүзүү боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Өткөрүлгөн Координациялык кеңешменин чечими менен бир катар жооптуу кызматкерлерге тартиптик чараларды көрүү жагы сунушталып, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана айыл өкмөт башчыларына кеңешмеде каралган маселелер боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу жагы тапшырылды.

  Кароолор (30)