Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА КИТЕП КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Жарыяланган датасы:

23.04.2025, 09:08

Бүгүн Кызыл-Адыр айылында жайгашкан улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун айкелинин алдында 23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата жана Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгын утурлай китеп күнү өткөрүлдү.

Китеп күнү Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Салтанат Мамбетова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Самара Жарманбетова,  А.Жакыпбеков атындагы борбордук китепкананын жетекчиси Наргиза Шайдылдаеванын жана китепкана кызматкерлери менен мугалимдердин, окуучулардын катышуусунда өткөрүлүп, борбордук жана айылдык китепканалар тарабынан китеп көргөзмөлөр уюштурулуп, окуучулар тарабынан Жеңиш күнүнө карата жана китеп жөнүндө ырларды көркөм айтышып,  маданият өкүлдөрү тарабынан концерттик программа уюштурулду.

Аталган иш-чарага катышкан Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Салтанат Мамбетова китептин адам баласынын жашоосундагы орду жана учурдагы жаштардын китепке болгон мамилесине токтолуп, жаштарды жана окурмандарды китепкана менен тыгыз байланышта болууга чакырды.

  Кароолор (44)