Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА "ЖАҢЫ МУУН – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК, ТАЗА МУУН –КООПСУЗ КЕЛЕЧЕК" АТАЛЫШЫНДАГЫ ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Жарыяланган датасы:

24.04.2025, 07:40

Бүгүн Кызыл-Адыр айылындагы Семетей кинотеатрында жаштардын туруктуу жашоосун калыптандыруу, зомбулуктун, экстремизмдин алдын алууга багытталган баалуулуктарды, ошондой эле аларды өнүктүрүү, коопсуздук маселелери боюнча активдүү аң-сезимдүү жарандык позицияны жана коомдун бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында "Жаңы муун-жаркын келечек, таза муун-коопсуз келечек" аталышындагы жаштар форуму 360 окуучунун катышуусунда өткөрүлдү.

Форумга Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Салтанат Мамбетова, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Урмат Бапиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Самара Жарманбетова жана спортто ийгиликтерди жаратып, Кыргызстандын желегин дүйнөлүк мелдештерде желбиреткен спортчулар, ишкерликте, муниципалдык кызмат чөйрөсүндө, медицина тармагындагы ийгиликтүү инсандар менен бирге күч түзүмдөрүнүн жана билим берүү тармагынын кызматкерлери, окуучулар катышышты.

Иш-чарада Талас облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан даярдалган видео ролик көрсөтүлүп, мектеп окуучулары тарабынан даярдалган сахналаштырылган көрүнүштөр менен атайын чакырыктар жана куплеттер айтылса, форумга конок катары чакырылган инсандар өздөрүнүн тармактарындагы жетишкен ийгиликтери жөнүндө окуучуларга маалымат беришип, ийгилик сырлары менен бөлүшүштү.

  Кароолор (46)