Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

АЙТМАТОВ РАЙОНДУК ПРОКУРАТУРАСЫ МААЛЫМДАЙТ

Жарыяланган датасы:

31.03.2025, 11:07

2025-жылдын 31-мартында Айтматов районунун прокуратурасынын кызматкерлери Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы жеке ишкерлер менен жеринен жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан ишкерлик чөйрөсүндө мыйзамсыз тоскоолдуктарды болтурбоо, ишкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыккан ишкерлердин укуктары жана прокуратура органдарына кайрылуунун тартиби жөнүндө эскертүүлөр (памятка) ишкерлерге таркатылды.

Ошол эле учурда, аталган эскертүү райондук мамлекеттик администрациясынын, өз алдынча башкаруу органдарынын жана бардык контролдоочу, текшерүүчү мамлекеттик органдарынын имараттарынын көрүнүктүү жерлерине жайгаштырылды.

Соода түйүндөрүндө жалпы ишкерлердин көйгөйлөрү, суроолору (ККМди колдонуу, айып пул салуулар, ж.б. маселелер) талкууланып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан бул багытта атайын иштелип чыгып, пайдаланууга киргизилген “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемесин ишкерлер тарабынан көчүрүп алуусу, аны пайдалануу ыкмалары тууралуу маалыматтар берилди.

Жолугушуулардын жыйынтыгы менен, Айтматов районунун прокуратурасы ишкерлерге мамлекеттик текшерүүчү органдар ж.б. тарабынан кандайдыр бир кысым көрсөтүлсө, ушул багытта юридикалык кеңеш, көмөк көрсөтүү зарыл болгон учурларда прокуратурага кайрылуу тартиптери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

  Кароолор (50)