Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Умаров Нурланбек Эшматович бүгүн 2 айыл өкмөттүн ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Жарыяланган датасы:

18.06.2025, 14:16

Ошондой эле эң алыскы деген жана облусубуздагы жалгыз өзгөчө чек ара статусун алган Маймак айылында жүргүзүлүп жаткан иштерге көңүл бурду. Аманбаев-Маймак унаа жолуна төшөлө турган 7 чакырым асфальт боюнча даярдыктардын жүрүшү жана АРИС долбоору аркылуу киргизилип жаткан таза суу боюнча кабар алды.

Мындан тышкары Сатыкей айылына дагы иш сапар уланып мектеп, спорт аянтчасы ошондой эле СЭЗ Маймактын ишмердүүлү менен таанышты.

Аталган сапарга утурлай эле Чолпонбай айыл аймагындагы бир катар объекттерге барып, алардын ишмердүүлүктөрүн көрүп чыкты. Өзгөчө көзөмөлдө турган Чолпонбай айылында  140 орундуу бала бакчанын курулуш сапатын жана өз мөөнөтүндө курулуусу боюнча айыл өкмөт башчысына тапшырма берди.

  Кароолор (25)