Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров Аманбаев айыл өкмөтүнүн аймагында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Жарыяланган датасы:
16.01.2026, 14:37
Анын алкагында Аманбаев айылына киргизилип жаткан таза суу системасы, Ак-Жар айылындагы таза суу долбоору жана күрөш залынын курулуш иштери, ошондой эле Маймак айылында АРИС аркылуу ишке ашырылып жаткан таза суу долбоорунун курулушу жана аталган айылда курулушу пландалып жаткан күрөш залы боюнча жеринде сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Иштин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылышына өзгөчө көңүл бурулуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилди.