Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
"Азык түлүк бааларын туруктуу кармоо"
Жарыяланган датасы:
05.12.2025, 09:23
Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 17-ноябрындагы №236 сандуу тескемесин аткарууда КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Айтматов району боюнча бөлүмү, райондук ички иштер бөлүмү, салык башкармалыгы жана Кара-Буура айыл өкмөтү, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте "Азык түлүк бааларын туруктуу кармоо" максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 2025-жылдын 6-декабрына карата баалар төмөндөгүдөй: Эттин бааса мал союулуучу жайда - уй эти 480-500 сом, жылкы эти 520-550 сом. Ал эми соода түйүндөрүндө кой эти - 650, жылкы эти - 620 жана уй эти - 650 сом. Ошондой эле Кыргызстандан чыгарылган ундун баасы 1550-1700 сом, Казакстандын уну 1800-2200 сом. Картошка - 35-45 сом, пияздын баасы 25-30 сом, сабиздин баасы 35-40 сом, жумуртка 10-11 сом, өсүмдүк майы 5 литр - 720 сом, 2 литр - 370 сом, 1 литр 135 сом. күрүч - 80-100, сүт 40-50 сомду түзөт.
Маймак станциясында шабыркуль-7300 сом, кара-жыра- 6500-6800 сомду түзсө айыл ичинде кара жыра-8700-8900 сом, шабыркуль-9000-9500 сомду түзүүдө.