Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
8-МАРТ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ БЕЛГИЛЕНДИ
Жарыяланган датасы:
07.03.2025, 15:59
Бүгүн 8-март айымдардын эл аралык күнүнө карата районубузда 400 апанын катышуусунда майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Сагымбаев Бектур Абдыразакович катышып, жалпы аял затын майрамы менен куттуктап, алардын адам баласынын жашоосундагы жана бүгүнкү күндөгү кыргыз коомчулугундагы аял затынын ордун белгилеп, даңазалап өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө район аймагындагы райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон айымдарга ошондой эле саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынын кызматкерлерине район жетекчилиги тарабынан Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы тапшырылып сый көрсөтүлдү.
Ал эми иш-чаранын экинчи бөлүгүндө жеке ишкер Чотонов Медер тарабынан 400 айымга белектер тапшырылды.
Иш-чара райондук маданият жана райондук билим берүү бөлүмдөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиеванын жана Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кызматкерлеринин катышуусунда концерттик программа менен шаңдуу маанайда өткөрүлдү.