Көрүүсү начарлар үчүн версия

  Айтматов району

                                    Айтматов району

Айтматов  району Талас облусунун батыш жагында жайгашкан административдик маанидеги район, түндүк батыш жагынан Казакстан, түштүк-чыгыш жагынан Бакай-Ата району жана түндүк жагынан Манас району, түштүк жагынан Чаткал району менен чектешет. Райондун аймагы деңиз деңгээлинен 800-4500 метр бийиктикте жайгашкан. Жалпы аянтты 4216 км².

Айтматов районунун климаты кышкысын сууктун эң төмөнкү температурасы -35°С, орточо сууктун температурасы тоолуу өрөөндө -30°С, өрөөндө болсо -25°С чейин жетет. Ал эми жайкысын ысыктын эң жогорку температурасы 31°С чейин чыгышы мүмкүн. 

 

Айтматов району

Борбору:Кызыл-Адыр
Аянты:4216 км².
Калкы:72368  (01.01.2024)  
ISO 3166-2:KG-T

 

 

Райондун административдик-территориалдык бөлүнүүсү

         Айтматов 1930-жылдын 1-сентябрындагы №61 буйругунун негизинде Кыргыз АССРнин административдик аймактык кантон болуп түзүлүп, мурдагы Александров болуштук аткаруу комитети жоюлуп Рыков райондук аткаруу комитети болгон. 1937-жылы Рыков райондук аткаруу комитети жоюлуп, Киров райондук аткаруу комитети болуп өзгөргөн. 1991-жылы Киров району деген аталыш Кара-Буура району болуп өзгөртүлүп, 2023-жылы Айтматов району болуп өзгөртүлгөн  борбору Кызыл-Адыр айылы болуп эсептелинет. 

Айтматов району боюнча:

  • Кара-Буура айыл аймагы –Борбору-Кызыл-Адыр айылы. 
  • Чолпонбай айыл аймагы –Борбору- Чолпонбай айылы.
  • Аманбаев айыл аймагы –Борбору- Аманбаев айылы. 
  • Шекер айыл аймагы –Борбору -Көк-Сай айылы.

                       

                    Жаратылышы жана жаныбарлар дүйнөсү

  1. Бийик тоолуу аймагы- Айтматов  району Талас облусунун батыш жагында жайгашкан административдик маанидеги район, түндүк батыш жагынан Казакстан, түштүк-чыгыш жагынан Бакай-Ата району жана түштүк жагынан Манас району менен чектешет. Райондун аймагы деңиз деңгээлинен 1200-4500 метр бийиктикте жайгашкан. Жалпы аянтты 4216 км².

 

  1. Айтматов  районунун климаты кышкысын сууктун эң төмөнкү температурасы -43°С, орточо сууктун температурасы тоолуу өрөөндө -30°С, өрөөндө болсо -25°С чейин жетет. Ал эми жайкысын ысыктын эң жогорку температурасы 36°С чейин чыгышы мүмкүн. 

 

  1. Орто жана жапыз тоолуу аймак- айтматов Ала-Тоо тоо кыркасынын жана  Кыргыз  Ала-Тоо тоо кыркасынын тоо этектеринде жайгашкан.

 

 

  1. Өрөөндүү   аймак- Талас Ала-Тоосу,  тундук Тянь-Шань  тоо системасынын негизки кырларынын бири.Анын узундунгу  240 км ден  ашыгыраак келип  ,туурасы-Талас  өрөөндүн бөлугүндө 45-50 км  ге созулат.Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркы чыгыш чек арасы  Кара-Буура капчыгайынан башталат.Ал капчыгай негизинен кууш келип  ондогон км ге созулат.Талас суусунун көп куймаларынын бири болгон  Кара-Буура суусу,анын узундугу 70-80 км ден ашат.Капчыгайларды курчап туруучу капталдары тик келген бийик тоолор өз алдынча агын суулардын өзөндөрү менен тилмеленип,өтө кууш капчыгайларды пайда кылат.
  2. Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркында.жаныбарлар дүйнөсүндө : Сүт эмүүчулөрдүн 23 түрү канаттуулардын  54 түрү,3 сууда  жана кургакта жүрүүчүлөрдүн жана 3 балыктын түрү бар.Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркында,Кыргыз Республикасынын  Кызыл китебине  төмөндөгү жаныбарлар катталган: илбирс,курөң аюу,сүлөөсүн,архар,кулжа кийик:канаттуулардын 15 туру:Буркут,жору,кумай,талаа буркуту,ак канаттуу тонкулдак,чон уку

 

  1. Суу  ресурстары

Айтматов районунун аймагында Күркүрө суу каналы 1948-жылы ишке берилген  каналдын узундугу 3,0 км 820га жер аянтын суу менен камсыздайт. Төмөн-Тамга суу каналы 1934-жылы ишке берилген  каналдын узундугу 9,22 км 583 га жер аянтын суу менен камсыздайт. Бахты суу каналы 1936-жылы ишке берилген  каналдын узундугу 22,95 км 659 га жер аянтын суу менен камсыздайт. Шанхай-1 суу каналы 1948-жылы ишке берилген  каналдын узундугу 5,0 км 2725 га жер аянтын суу менен камсыздайт. Ногой суу каналы 1936-жылы ишке берилген  каналдын узундугу 55,5 км 4469 га жер аянтын суу менен камсыздайт. Чебок суу каналы 1948-жылы ишке берилген  каналдын узундугу 3,4 км 526 га жер аянтын суу менен камсыздайт. Киров-1 суу каналы 1954-жылы ишке берилген  каналдын узундугу 2,2 км. Сарымсак суу каналы 1945-жылы ишке берилген  каналдын узундугу 20,5 км 996 га жер аянтын суу менен камсыздайт. Күркүрө суу каналы 1948-жылы ишке берилген  каналдын узундугу 3,0 км 820га жер аянтын суу менен камсыздайт. БТК суу каналы 1964-жылы ишке берилген  каналдын узундугу 51,675 км 8936 га жер аянтын суу менен камсыздайт. Жалпы район боюнча гидротехникалык туйндөр 188 даана. Суу өлчөөчү постор 78 даана. Насостук станция 1 даана

 

Айыл – чарбасы

 

Айтматов районунун экономикасында айыл чарба тармагы боюнча төө буурчак басымдуулук кылат. Айыл тургундарынын басымдуу көпчүлүгү дыйкан жана фермердик чарбаларда эмгектенет. 

 

  1. Талас облусунун батыш бөлүгүндө, Айтматов районунда Кара-Буура, Чолпонбай,  Шекер,  Аманбаев айылдары, айыл чарбасы ар түркүн тармакты камтыйт. Райондун аймагында жер иштетүүсүндө төө буурчак , картошка , жер-жемиштер, көп жылдык чөп, буудай жана кант кызылчасын өндүрүү   басымдуулук кылат, ошондой эле мал чарбачылыгы да өнүккөн.