Умаров Нурланбек Эшматович
- Кызматы:
- Аким
- Телефон:
- +996345626262
- Электрондук дарек:
- Nurlanbekumarov717@gmail.com
Умаров Нурланбек Эшматович 1976-жылдын 13-сентябрында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Билими жогорку.
2014-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Мекемедеги башкаруу жана экономика (тармактар боюнча)» адистигин аяктап, экономистменеджер квалификациясына ээ болгон
2018-жылы Россия Федерациясынын Тюмень шаарындагы Батыш-
Сибирь мамлекеттик колледжинде «Дене-тарбия жана спорт мугалими» адистигин аяктаган.
Умаров Нурланбек Эшматович өз эмгек жолун 1994-2009-жылдары Майлуу-Суу шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде тренермугалим болуп иштөөдөн баштаган.
2009-2014-жылдары Майлуу-Суу шаардык балдар жана өспүрүмдөрдүн дене – тарбиялык даярдоо клубунда тренер-мугалим.
- 2015-жылдары Майлуу-Суу шаардык балдар жана өспүрүмдөрдүн дене – тарбиялык даярдоо клубунда директор.
- 2019-жылдары шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде тренер-мугалим.
3 2020-жылдары шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде директор.
- 2021-жылдары Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэриясында, биринчи вице-мэр.
- 2025-жылдары Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри кызматын аркалап келген.
2012-2017-жылдары Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык Кеӊешинин VI, VII, VIII чакырылыштарынын депутаты. Бокс боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери.
Умаров Нурланбек Эшматович өз милдеттерине тиешелүү болгон бардык маселелерди ыкчам чечүү менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так аткарып келген жетекчи. Ѳзүнүн кесиптик деӊгээлин ар тараптан өнүктүрүп, болгон тажрыйбасын жаштарга үйрөтүп келет.
Мүнөзү ак көӊүл, принципалдуу жана креативдүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууда өз милдеттерин, өзгөчө маанилүү жана татаал милдеттерди кынтыксыз жана ак ниеттүү аткарган жетекчи.
Үй-бүлөлүү, эки кыз жана бир уулдун атасы.
2025-жылдын 11-июнунан тартып, бүгүнкү күндө Умаров Нурланбек Эшматовичти Талас облусунун Айтматов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп эмгектенет.