Көрүүсү начарлар үчүн версия
Сагымбаев Бектур Абдыразакович

Сагымбаев Бектур Абдыразакович

  • Кызматы:
  • Аким
  • Телефон:
  • +996345626262

1974-жылдын 24-апрелинде Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында туулган. 

1991-жылы  Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физика-техникалык факультетине тапшырып, 1996-жылы  ийгиликтүү аяктап, физик-инженер адистигине ээ болгон, мындан тышкары 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын “Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” багытын окуп Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менеджери адистигине ээ болгон.

Сагымбаев Бектур Абдыразакович эмгек жолун 1996-жылы  Ала-Бука айыл өкмөтүндө салык инспектор кызматында эмгектенүүдөн баштаган.

2001-2004-жылдары Ала-Бука айыл өкмөтүндө жооптуу катчы;    
2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы; 
2008-2012-жылдары  Бишкек шаарындагы Бажы башкармалыгынын “АкЖол” өткөрүүчү пунктунун инспектору; 
2012-2021-жылдары Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин 1-орун басары;  
2021-жылдын май айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким болуп эмгектенип келүүдө.