Акымбеков Мирбек Сатыбалдиевич
- Кызматы:
- Акимдин 1-орун басары
- Телефон:
- 996551980898
- Электрондук дарек:
- kara-buura_rga@mail.ru
Акымбеков Мирбек Сатыбалдиевич 1989-жылы Айтматов (мурунку Кара-Буура) районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында туулган.
2006-жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Гуманитардык илимдер институту факультетине тапшырып, 2012-жылы аяктаган. “Бажы ишинин адиси” кесибинин ээси.
2014-2017-жылдарда билимин андан ары жогорулатуу максатында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин “Адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча” Экономика жана ишкананы башкаруу факультетинде билим алып, “Экономист” кесибине ээ болгон.
Акымбеков Мирбек Сатыбалдиевич өзүнүн эмгек жолун 2012-2013жылдыра Бишкек шаарындагы “Газпром Нефть Азия” ЖЧКда оператор кассир болуп иштөөдөн баштаган.
2014-2017-жылдары Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы, экономика жана регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси;
2017-2021-жылдары Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы, экономика жана регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
2021-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси болуп эмгектенип келүүдө.
Акымбеков Мирбек Сатыбалдиевич өз ишине берилген, уюштургуч, жаңы технологиялык иштер менен изденген ишке жөндөмдүү, өз алдынча чечимдерди кабыл ала алган кызматкер. Ар бир маселеге жоопкерчиликтүү мамиле жасап, берилген тапшырманы так жана өз мөөнөтүндө аткарган жетекчи. Аткарган иштеринин натыйжасында бир катар Ардак грамоталар жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси менен сыйланган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.
2025-жылдын 7-октябрынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин Акымбеков Мирбек Сатыбалдиевич Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин 1-орун басары болуп эмгектенип келет.